Насыя берилбей турган 9 башкы себеп. Бул учурда эмне кылуу керек?
“Дос-Кредобанк” ААК насыя бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айгүл Набитаева Economist.kg гезитине насыянын берилбешине негиз болгон 9 башкы себеп жана бул учурда кандай аракет кылуу керек экендиги тууралуу айтып берди.
1. Начар насыялык тарыхы
Кардар насыя алуу үчүн кайрылганда, банктар насыялык-маалыматтык бюродон кардардын зайымдарды төгүү тарыхын сурашат. Бул уюм кардарлардын насыялык тарыхы тууралуу бардык маалыматтарды топтойт (мурунку жана учурдагы насыялар, алардын суммасы, төлөөлөр кандай жүргүзүлгөндүгү тууралуу, карыздары жана төлөөнү мөөнөтүнөн өткөрүп жиберүү тууралуу маалымат).
Насыясын убагында төлөбөгөн кардарга кийинки насыяны алуу татаалыраак болуп калат, ошондуктан бул нерсеге жоопкерчилик менен мамиле жасоо керек.
Эмне кылуу керек?
Маанилүү маселе – эгер кардар насыя алган болсо, ал насыяны төгүү графигин сактоосу жана мөөнөтүнөн өтүп кетпөөнүн алдын алуу үчүн төлөөнү акыркы күнгө калтырбоосу керек.
Эгер маанилүү себептер менен мөөнөтүнөн өткөрүп төлөө баары бир орун алса (убактылуу жумушсуз калуу, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр ж.б.), банк бул абалды жаңы насыяны берүүдө индивидуалдык тартипте эске алат. Кардарда бул абалды тастыктоочу документтеринин болуусу зарыл.
2. Туура эмес маалыматтар
Документтерди абдан көңүл коюп толтуруу керек, документтердеги так эмес маалыматтар алдоо аракети катары бааланышы мүмкүн жана кардарга насыяны берүү оң чечилбей калышы мүмкүн.
Эмне кылуу керек?
Насыяны алуу үчүн документтерди абдан көңүл коюу менен толтуруу керек, алдын ала бардык маалыматтарды тактап алуу зарыл.
3. Төмөнкү төлөм кудурети
Насыяны берүүдө банктар кардардын айлык киреше өлчөмүнө көңүл бурушат. Мисалы, керектөөчү насыя боюнча: “насыя боюнча пландаштырылган айлык төлөмдөрдүн (негизги карыз жана насыя) катышы карыз алуучунун орточо айлык төлөмдөрүнүн 50 пайызынан кем болсо гана банк карыз алуучуга улуттук валютада керектөөчү насыя бере алат ” (КР Улуттук банкынын ченемдик докменттерине ылайык). Бул принципти сактабоо айлык төлөмдөр боюнча өтө чоң жүктөмдөргө алып келиши мүмкүн, башкача айтканда карыз алуучу акчаны кайтара албай калат.
Эмне кылуу керек?
Айлык төлөмдүн суммасын азайтуу үчүн насыянын мөөнөтүн узартууга аракет кылса болот. Мунун негизинде төлөмдөрдүн суммасы алгылыктуу болот.
4. Учурда насыяларынын болушу
Насыя алуу үчүн өтүнмөнү карап чыгууда банктар кардардан азыркы учурда төгүп жаткан насыялары бар же жок экендигин такташат. Эгер карыз алуучу башка насыяларды да төлөп жаткан болсо, анда бардык насыяларды убагында төгө албай калуу тобокелдиги жогорулайт.
Эмне кылуу керек?
Насыя бөлүмүнүн адистеринен кеңеш алса болот, алар насыялардын кайсынысын төгүү же кайрадан каржылоо мүмкүндүгү тууралуу маалымат бере алышат.
5. Эмгек стажынын жетишсиздиги
Ар бир банк потенциалдык кардарларына тиешелүү талаптарды иштеп чыгат, алардын ичинде акыркы жумуш ордундагы стажы да бар. Мисалы, 5-6 ай. Бул карыз алуучунун кирешесинин туруктуулугун аныктоого жардам берет.
Эмне кылуу керек?
Кардардын акыркы жумуш ордунда жеткиликтүү мөөнөттө иштеп жаткандыгын текшерүү керек. Керек болсо, жеткиликтүү мөөнөткө чейин күтүү керек же башка насыялык уюмду тандаса болот.
6. Бузуулар
Ар түрдүү укук бузуулар жана кардардын соттолгондугу насыя берүүдөн баш тартуунун себеби болуп саналат.
Эмне кылуу керек?
Мыйзам бузбагыла, укук бузуучу аракеттерге катышпагыла. Андай болбосо, сизге насыя бере турган башка насыя мекемесин издөөгө туура келет. Бирок андай жерлерде жогорку пайыздык коюмдар болору ыктымал.
7. Жумуш орду
Насыя алуу үчүн документтерди карап чыгууда банктардын кызматкерлери потенциалдык карыз алуучунун кирешесин гана эмес, анын жумуш ордун да текшеришет, текшерүү үчүн анкетага жумуш берүүчүнүн кызмат телефону көрсөтүлөт. Номердин жок болушу банкта күмөн жаратышы мүмкүн.
Эмне кылуу керек?
Жакшы репутациясы жана салыктык төлөмдөрүнүн тарыхы болгон байгер компанияга ишеним жогору болот.
8. Жаш курагы
Банктар өз карыз алуучуларына курактык чектөөлөрдү орното алышат. Мисалы, жаш курагы 20 жаштан кем болбош керек, мында карыз алуучунун жаш курагы насыя келишими аяктаганда 70 жаштан ашпоосу зарыл.
Эмне кылуу керек?
Бул чектөөлөр банктын кароосунда калат, ошондуктан мындай учурда эгер карыз алуучунун жаш курагы банктын талаптарына туура келбесе, анда насыя алуу үчүн башка каржылык мекемени издөө муктаждыгы келип чыгат.
9. Шектүү жүрүм-турум
Насыяны алуу үчүн өтүнмөнү карап чыгууда кардардын калтырган таасири сыяктуу субъективдүү факторлор маанилүү роль ойнойт.Эгер кардар оюн толук билдире албаса, насыянын максаты тууралуу башаламан пикирин билдирсе, же насыяны убагында жаба ала турганына ишене албаса, насыялык экспертте чоң күмөндөрдү жаратышы мүмкүн.
Эмне кылуу керек?
Кардар насыянын чындыгында ага абдан керек экендигине, ал эми кирешеси алынган карызды убагында кыйынчылыксыз төлөөгө мүмкүнчүлүк бере тургандыгына ынанышы зарыл. Маанилүү маалыматты жашырууга болбойт. Кардардын ачык болуусу жана өз күчүн адекваттуу баалай билүүсү керек. Насыялык экспертке сиздин пландарыңызды ишке ашырууга жардам бере турган адис катары мамиле кылыңыз.
Маалымат: economist.kg