
Биздин дүкөндүн ишмердүүлүгүнүн маанилүү түзүүчүлөрүнүн бири болуп, сатылган товарлардын тастыкталгандыгы жана өндүрүүчү фирмалардын фирмалык кепилдиктери менен камсыз кылынгандыгы эсептелет.
Кепилденген тейлөө
Кепилденген тейлөөнү ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- туура толтурулган жана чийип оңдоолор орун албаган кепилдик талону, талондо буюмдун модели жана сериялык номери, сатылган күнү жана саткан уюмдун мөөрү болууга тийиш;
- сатып алууну тастыктаган документ (чек / дүмүрчөк / товардык коштомо кагаз);
- товардын толук комплектациясы.
Мындан тышкары, буйрутманы алууда жана ал үчүн төлөөдө сатып алуучу курьердин көзүнчө буюмдун комплектациясын жана тышкы көрүнүшүндө физикалык кемтиктердин (чийик, жарык, сынык ж.б) жоктугун, ошондой эле комплектациянын толуктугун текшерүүгө милдеттүү экенине сиздин көңүлүңүздү бура кетмекчибиз. Курьер кеткенден кийин бул маселелер боюнча дооматтар кабыл алынбайт.
Төмөнкү учурларда кепилденген тейлөө аткарылбайт:
- кепилдик талону жоголгон же толтурулбаган учурда
- товарда механикалык зыяндардын же ачуулардын белгилери бар болсо
- заводдук пломбалары бузулган болсо
- эксплуатациялоо, транспорттоо же сактоо шарттары бузулган учурда
- авторизацияланган сервистик борбордун кызматкери болбогон кишилер тарабынан оңдолсо
- түпнуска эмес тетиктер колдонулган учурларда
Кепилдик берүү шарттарынын толук сыпаттамасы менен сатып алынган товарга берилген документтерден таанышып чыга аласыз.
Кайтаруу жана алмаштыруу шарттары
Эгерде O!Store дүкөндөр тармагынан же ostore.kg интернет дүкөнүнөн сатып алынган товарда олуттуу кемчилик* аныкталып, максаттуу колдонуу үчүн жараксыз деп табылса, же кемчиликти жоюу мүмкүн болбосо, же жоюлган кемчилик кайталап пайда болсо, анда төмөнкү шарттарды сактоо менен, товар үчүн төлөнгөн акчаны кайтарып алууга, же болбосо алмаштырууга болот:
- Сатып алган учурдан тарта 14 күндөн ашпаган убакыт өтсө (сатып алынган күндү кошкондо);
- Товар эксплуатацияланган эмес, товардык көрүнүшү сакталган жана ишке жараксыздыгы компаниянын 4G-түзүлүштөрү үчүн O!Store дүкөнүнө же телефондор үчүн Сервис-борборго кайрылган учурда тастыкталса;
- Товар сатылган учурдагы коштоочу документтердин баары бар болсо (паспорт, кепилдик талону, кассалык чек);
*Эгер товар формасы, өлчөмдөрү, түсү боюнча же башка себептерден улам туура келбей калса, мындай жагдай товардын олуттуу кемчилиги катары каралбайт жана окшош башка товарга алмаштырууга/кайтарууга жатпайт.
Смартфондорду жана түзүлүштөрдү алмаштыруу/кайтаруу
Смартфонду алмаштырып берүү Сервис борборунун заводдук брак бар экендиги жөнүндө корутундусунун негизинде гана мүмкүн.
Тейлөө борборлорунун даректери:
Samsung
Бишкек:
«Кристалл» СБ, Бишкек ш., Медеров көч. 8/1,. Карл Маркс көчөсү менен кесилишинде.
Иштөө убактысы: Дүйшөмбү-жума 09:00дөн 18:00гө чейин, Ишемби 09:00дөн 14:00гө чейин, Жекшемби – дем алыш
Тел: +996 (550) 879–988Ош:
«Кристалл» СБ, Ош ш. Гагарин көч. 162
Тел: +996 (558) 022–727
Xiaomi
«ABC» СБ, Бишкек ш.
Ибраимов, 108 / Шопоков, 123 көч.
Иштөө убактысы: Дүйшөмбү-жума 10:00дон 18:00гө чейин, Ишемби 10:00дөн 17:00гө чейин, Жекшемби – дем алыш
Тел: +996 (559) 929–922
IPhone
СЦ «ABC», г. Бишкек
ул. Ибраимова, 108 / Шопокова, 123
Режим работы: Пн-Пт с 10:00 до 18:00, Суббота с 10:00 до 17:00, Воскресенье выходной
Тел: +996 (559) 929–922
Realme
СЦ «ABC», г. Бишкек
ул. Ибраимова, 108 / Шопокова, 123
Режим работы: Пн-Пт с 10:00 до 18:00, Суббота с 10:00 до 17:00, Воскресенье выходной
Тел: +996 (559) 929–922
Infinix
СЦ «ABC», г. Бишкек
ул. Ибраимова, 108 / Шопокова, 123
Режим работы: Пн-Пт с 10:00 до 18:00, Суббота с 10:00 до 17:00, Воскресенье выходной
Тел: +996 (559) 929–922
Vivo
СЦ «ABC», г. Бишкек
ул. Ибраимова, 108 / Шопокова, 123
Режим работы: Пн-Пт с 10:00 до 18:00, Суббота с 10:00 до 17:00, Воскресенье выходной
Тел: +996 (559) 929–922
Techno
СЦ «ABC», г. Бишкек
ул. Ибраимова, 108 / Шопокова, 123
Режим работы: Пн-Пт с 10:00 до 18:00, Суббота с 10:00 до 17:00, Воскресенье выходной
Тел: +996 (559) 929–922
Honor
СЦ «ABC», г. Бишкек
ул. Ибраимова, 108 / Шопокова, 123
Режим работы: Пн-Пт с 10:00 до 18:00, Суббота с 10:00 до 17:00, Воскресенье выходной
Тел: +996 (559) 929–922
Itel
СЦ «ABC», г. Бишкек
ул. Ибраимова, 108 / Шопокова, 123
Режим работы: Пн-Пт с 10:00 до 18:00, Суббота с 10:00 до 17:00, Воскресенье выходной
Тел: +996 (559) 929–922
Телефонду алмаштыруу үчүн документтер:
- Сервис-борбордун брак бар экенин тастыктаган актысы,
- Паспорт
- Кассалык кириштөө ордери,
- ККМ чеги (чек жок болсо, кредит келишими),
- Кепилдик талону,
- Заряддоочу түзүлүш,
- Толук комплектациясы менен куту.
Акча каражаттарын кайтаруу
Түзүлүштөрдү (мобилдик телефондорду, смартфондорду, планшеттерди) кайтаруу төмөнкү учурларда мүмкүн:
- Товарга карата кепилдик талонунда жазылган заводдук бракка берилген кепилдик мөөнөтүнүн ичинде;
- Сатып алуу фактысын жана датасын тастыктоочу документтер (кепилдик талону, товардык же кассалык чектин көчүрмөсү, счет-фактура, сервис борборунун корутундусу) бар болгон учурда;
- Товар иштеген, товардык көрүнүшү жана товар сатылган оригиналдуу таңгак зыянга учурабаган абалда болуусун камсыздоо шарты менен.
Компаниянын түзүлүштөрүн
- Товарды сатып алган учурдан баштап, он төрт (14) календардык күндүн ичинде;
- Сатып алуу фактысын жана датасын тастыктоочу документтер (кепилдик талону, товардык же кассалык чектин көчүрмөсү, счет-фактура, сервис борборунун корутундусу) бар болгон учурда;
- Товар иштеген, товардык көрүнүшү жана товар сатылган оригиналдуу таңгак зыянга учурабаган абалда болуусун камсыздоо шарты менен.
Физикалык жакка акча каражаттары кайрылгандан кийин 10 (он) жумуш күнүнүн ичинде касса аркылуу, накталай жол менен кайтарылат.
Юридикалык жакка акча каражаттары сатып алуу накталай эмес жол менен төлөнгөн учурда кайрылуудан кийин 10 (он) банк күнүнүн ичинде эсептешүү эсебине накталай эмес жол менен кайтарылат.
Товарды кайтаруу же алмаштыруу үчүн абонент Принципалдын сервис борборунун конкреттүү товардын товарды алмаштыруу же кайтаруу шарттарына ылайык келгенин тастыктоочу корутундусун көрсөтүүгө милдеттүү.
Бөтөнчө учурларда гана Компания түзүлүштө заводдук брак бар же жок экендигин аныктоо жана сервис борборунун корутундусун алуу үчүн аны Принципалдын сервис борборуна тапшыруу боюнча жоопкерчилик алышы мүмкүн.
*Принципал - «НУР Телеком» ЖЧК компаниясына агент катары иш-аракет аткарууга ыйгарым укук берген физикалык же юридикалык жак. Бул процедуранын алкагында өзүнүн товарын сатуу үчүн «НУР Телеком» ЖЧК компаниясына берген жак. Эгер сиз жогоруда тизмектелген пункттарды эске албасаңыз, биз сизге акча каражаттарын толук кайтарууну же башка ушундай эле өнүмгө алмаштырууну кепилдей албайбыз.
Эгерде товар көрсөтүлгөн шарттарга туура келбесе, анда товарды кайтаруу/алмаштыруу жөнүндө чечим 1997-жылдын 10-декабрындагы «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» №90 КР Мыйзамынын негизинде кабыл алынат.
Алмаштырууга же кайтарууга болбой турган товарлар
Алмаштыруу же кайтаруу мүмкүн болбогон товарлар:
- кабелдер,
- переходниктер,
- кулакчындар,
- маалымат ташуучулар (флеш-карталар, дисктер),
- каптар,
- ташуу үчүн шнурлар.
Текшерүү товарды сатуу учурунда ошол жерден ишке ашырылат.
Брак боюнча түзүлүштү алмаштыруу заводдук брак аныкталган учурда, төмөнкү шарттарды сактоо менен ишке ашырылат:
- товардык көрүнүшү жана оригиналдуу таңгагы сакталган учурда,
- товардык көрүнүшү жана оригиналдуу таңгагы сакталган учурда,

