Аккаунт
Мен логинимди же сыр сөзүмдү унутуп калдым
Логин болуп сиздин электрондук почтаңыз же телефон номериңиз (эгер сиз O! абоненти болсоңуз) кызмат кылат.
Эгер сыр сөзүңүздү унутуп калсаңыз, электрондук почтаңызды киргизиңиз. Сыр сөздү алмаштыруу үчүн контролдук сап, ошондой эле сиздин каттоо маалыматыңыз сизге электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
Төлөм
Интернет дүкөндө сатып алууну кантип тариздесе болот?
1. Тандалган товарыңыздагы «Корзинага өтүү» баскычын басыңыз.
2. Андан кийин товар корзинага кирет. Сиз андан кийин сатып алууну уланта аласыз же корзинага өтүп, буюртмаңызды тариздей аласыз.
3. Корзинага өткөндөн кийин, форманы толтуруп буюртманы тариздеңиз.
4. Төлөм ыкмасын тандап, «Буюртманы ырастоо» баскычын басыңыз.
5. Буюртмаңыз иштетилгенден кийин, биздин курьер сиз менен байланышып жана сиз көрсөткөн дарекке жеткирет.
Товар үчүн кандай төлөм ыкмалары бар?
Накталай акча
Накталай акча менен төлөө буюртмаңызды алгандан кийин көрсөтүлгөн дарекке жеткирилгенден кийин курьерге жеке колуна берилет (биздин жеткирүү кызматы иштеген шаарларда гана жеткиликтүү).
Төлөм улуттук валютада гана жүргүзүлөт.
Төлөмдү ырастоо катары сизге товардык дүмүрчөктү беребиз.
O!Деньги электрондук капчыгы аркылуу төлөө https://dengi.kg/ru
O!Деньги аркылуу төлөө боюнча нускама (эгер сиз сайттын мобилдик версиясын ачсаңыз):
Төлөм ыкмасы катары O!Деньги тандап, буюртмаңызды ырастаганыңызда, экраныңызда QR-код пайда болот.
«Мой O!» тиркемесин ачып, O!Деньги бөлүмүн тандаңыз жана штрихкод жана QR сканерин басыңыз.
QR-кодду сканерлеп, каалаган каржылоо булагын тандап, «Төлөмдү ырастоо» баскычын басыңыз.
O!Деньги аркылуу төлөө боюнча нускама (эгер сиз сайттын мобилдик версиясын ачсаңыз):
Төлөм ыкмасы катары O!Деньги тандап жана буюртмаңызды ырастаганыңызда, «Мой О!» тиркемеси сизде автоматтык түрдө ачылат*
Сизге болгону каржылоо булагын тандап, төлөмдү ырастоо керек.
*Эгер сизде «Мой О!» тиркемеси жок болсо, аны жүктөп алуу үчүн App Store/Play Market'ке багытталасыз.
Чекене дүкөндөрдөгү кредит же бөлүп төлөө
Ошондой эле, биздин чекене дүкөндөрдөн товарларды кредитке сатып алсаңыз болот. Биздин адистер сиздин бардык суроолоруңузга жооп берип, сизге ылайыктуу товарды тандоого жардам беришет.
Көңүл буруңуз! Буюртма берилген, бирок төлөнбөгөн товарларды резервдөө мөөнөтү 2 күн.
Аяктаган буюртма үчүн дүмүрчөктү кантип алса болот?
Төлөнгөн буюртмалар үчүн дүмүрчөктөр сиздин профилиңизде "Менин буюртмаларым" барагында сакталат.
Эгер сиз O!Деньги аркылуу төлөсөңүз, дүмүрчөк автоматтык түрдө профилиңизде пайда болот. Эгерде буюртмаңыз жеткирилгенде төлөнсө, сизге дүмүрчөк электрондук түрдө жиберилет жана ал дагы сиздин профилиңизде пайда болот.
Жеткирүү
Жалпы маалымат
Интернет-дүкөн өз жеткирүү Кызматы менен бардык товарларды жеткирип берүүнү ишке ашырат.
Курьер менен жеткирүүнүн баасы
Курьер менен жеткирүүнүн баасы
1000 сом жана андан жогору суммадагы товарларды сатып алган учурда биздин дүкөндөн товарды жеткирүү акысыз.
Жеткирүү убактысы
Сиз тапшырыгыңызды жолжоболоштургандан кийин сиз менен дароо байланышка чыккан жеткирүү Кызматынын менеджери менен жеткирүү убактысы макулдашылат.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Туура эмес көрсөтүлгөн телефон номери, так эмес жана толук эмес дарек кошумча кечигүүгө алып келет! Сураныч, катталууда жеке маалыматтарыңызды көңүл буруп текшериңиз. Сиздин катталуу учурундагы берилген жеке маалыматтарыңыздын жашыруундугуна кепилдик берилет.
Жеткирүү саат 10:00-дөн 20:00-гө чейин аткарылат.
Ишемби жана жекшемби дем алыш күндөрү.
Жеткирүүнү ишке ашыруу убактысы тапшырыктын берилген убактысына жана товардын складда болуусуна көз каранды:
эгер дарек Бишкек ш. чегинен тышкары болсо, сиз кошумча наркты жеткирүү Кызматынын прайс-листине ылайык төлөйсүз;
эгер тапшырык интернет-дүкөндүн иштөө убактысынан тышкары мезгилде алынган болсо, жеткирүү кийинки күнү ишке ашырылат.
Жеткирүү жайы
Жеткирүү тапшырыкты жолжоболоштуруу учурунда көрсөтүлгөн дарек боюнча жүргүзүлөт. Эгер товарды башка дарекке жеткирүү керек болсо, ал даректи тапшырыкты сайттан жолжоболоштургандан кийин дароо сиз менен байланышка чыккан интернет-дүкөндүн менеджерине билдирүү керек.
Эрежелер
Товар жеткирилгенде сизге сатып алууларга бардык тиешелүү документтер берилет. Сайтта көрсөтүлгөн баа акыркы баа болуп саналат, курьер бааны өзгөртүү укугуна ээ эмес.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Сатып алып жаткан товардын бардык техникалык параметрлерин жана керектөөчү өзгөчөлүктөрүн товарды сатып алардан мурда биздин менеджерден тактап алуу керек экендигин унутпооңузду суранабыз. Жеткирүү Кызматынын кызматкерлеринин милдеттерине товардын керектөөчү өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү консультацияларды жана түшүндүрмолөрдү берүү кирет. Биздин дүкөндөн сатып ала турган инсталляциясы керек болгон учурда сиз биздин менеджерге билдиришиңиз керек.
Бөлүп төлөө менен сатып алуу
O!Store дүкөндөр тармагы O!Bank менен өнөктөштүктө сизге смартфондорду, гаджеттерди жана аксессуарларды баштапкы төлөмсүз бөлүп төлөө менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Эмгек акы же банктык көчүрмө боюнча
Жашы: 19 жаштан 70 жашка чейин (Кредиттин мөөнөтүнүн аякташына).
Суммасы: 3 000 сомдон 200 000 сомго чейин
Баштапкы төгүм: сатып алуучунун каалоосу боюнча
Талап кылынган документтер: паспорт, 3 айлык жана андан жогору эмгек акы тууралуу маалым-кат
Эмгек акы тууралуу маалым-каттын ордуна, сатып алуучунун акыркы 3-12 ай үчүн банктан көчүрмөсү (сизди тейлеген банк) аркылуу бөлүп төлөөгө болот,12 айдын 3 айында активдүүлүктүн болушунда.
Эгерде сизде КР социалдык фондуна чегерүүлөр болсо, анда бир гана паспортту көрсөтүү жетиштүү.
Патент жана ЖИ күбөлүгү боюнча
Жашы:19 жаштан 70 жашка чейин (Кредиттин мөөнөтүнүн аякташына).
Суммасы: 3 000 сомдон 200 000 сомго чейин
Баштапкы төгүм: сатып алуучунун каалоосу боюнча
Талап кылынган документтер: паспорт, акыркы 3 ай үчүн төлөнгөн патент
Эгерде сиз мурда патент боюнча таризделген болсоңуз, кайра тариздөөдө, кайрылуу учурунда жарактуу болгон учурдагы ай үчүн төлөмдүн квитанциясы менен төлөнгөн патент керек.
Патенттин ордуна бөлүп төлөөнү 3 айдан жогору жарактуу болгон ЖИ күбөлүгүнө ылайык тариздесе болот.
Пенсионерлер үчүн
Жашы: 70 жашка чейин (Кредиттин мөөнөтүнүн аякташына).
Суммасы: 3 000 сомдон 200 000 сомго чейин
Баштапкы төгүм: сатып алуучунун каалоосу боюнча
Талап кылынган документтер: паспорт (пенсиялык күбөлүктү тиркесе болот, бирок милдеттүү эмес).
Пенсиянын ай сайынкы өлчөмү ай сайынкы төлөмдөн эки эсе көп болушу керек.
Пенсиялык күбөлүктүн ордуна сатып алуучунун акыркы 3-12 ай үчүн банктан көчүрмөсү (сизди тейлеген банк) аркылуу бөлүп төлөөгө болот, 12 айдын 3 айында активдүүлүктүн болушунда.
МААНИЛҮҮ! Банк себептерди көрсөтпөстөн кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. Кененирээк маалымат кредиттик келишимде.

