Кепилдик тейлөөнү ишке ашыруу үчүн керектүү нерселер:
- туура жана сызып оңдоосуз толтурулган кепилдик талон, талондо буюмдун модели жана сериялык номери, сатылган күнү көрсөтүлүшү жана саткан уюмдун мөөрүбасылышы керек;
- Сатып алууну тастыктаган документ (чек / дүмүрчөк / товардык коштомо кагаз)
- товардын толук комплектациясы
Төмөнкү учурларда кепилдик тейлөө жүргүзүлбөйт:
- кепилдик талон жоголуп кетсе же толтурулбаса
- товарда механикалык бузулуунун же ачуунун издери болсо
- заводдук пломбалар бузулса
- эксплуатация, траснпортировка же сактоо шарттары бузулган учурда
- авторлоштурулган сервистик борбордун кызматкерлери болбогон кишилер тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлсө
- оригиналдуу эмес бөлүктөр колдонулса
Кайтаруу жана алмаштыруу шарттары
Эгерде O!Store дүкөндөр тармагынан сатып алынган товар Олуттуу кемчилиги менен болсо жана аны максатына ылайык колдонууга мүмкүн болбогон учурда, же кемчиликти оңдоо мүмкүн болбосо, же оңдогондон кийин деле кайра пайда болсо, анда товар үчүн төлөнгөн акчаларды кайтарып алууга, же кийинки шарттарды аткаруу менен башка товарга алмаштырып алууга болот:
Сатып алган күндөн 14 күн өтө элек болсо (сатып алган күндү кошо эсептегенде);
Товар колдонулган эмес, товардык көрүнүшү жана анын иштетилбегендиги 4G-түзүлүштөр үчүн О! сатуу жана тейлөө кеңселеринде же O!Store дүкөндөрүндө ал эми телефондор Сервис-борборунда аныкталат;
Сатылган товарга тиешелүү бардык документтер бар (паспорт, кепилдик талону, касса дүмүрчөгү);
Кабелдер, переходниктер, кулаккаптар, маалыматты алып жүрүүчүлөр (флеш-карталар, дисктер), каптар, алып жүрүүчү боолор – алмаштырылбайт жана кайтарылбайт. Текшерүү товарды сатып алып жаткан учурда ошол жерде жүргүзүлөт. Түзүлүштү жараксыз болгондугуна байланыштуу алмаштыруу заводдук жараксыздык аныкталган учурда, товардык көрүнүшү жана оригиналдуу таңгагы сакталганда, көрүнөө жерде механикалык бузулуулар болбосо, абонент тарабынан товар бузулбаса ишке ашырылат.
*Мында формасы, габарити, түсү жана башка себептери боюнча туура келбей калса, анда ал Товардын олуттуу кемчилиги катары эсептелбейт жана Товар алмаштырылбайт/кайтарылбайт.
2023-2024 жж. "Баарына белек" акциясынын алкагында кепилдик бериле турган учурда кайтарып берүү жана алмаштыруу шарттары:
1. Сатылган смартфондун акчасы кайтарылган учурда, абонентке белек катары тандап алган аксессуарлардын/гаджеттердин наркын алып салуу менен ал сатып алган смартфондун наркына барабар сумма кайтарылып берилет.
2. Эгерде смартфон алмаштырылса, абонентке белекке алган аксессуарларды/гаджеттерди кайтарып бербестен, ага окшош башка смартфон берилет.
Акча каражаттарын кайтаруу
Түзүлүштөрдү (мобилдик телефондорду, смартфондорду, планшеттерди) кайтаруу төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
- Товарга берилген кепилдик талондо жазылган заводдук жараксыздыкка берилген кепилдик мөөнөтүнө чейин;
- Сатып алуунун фактысын тастыктаган жана күнү белгиленген документтери болгондо (кепилдик талон, товардык же кассалык чектин, счет-фактуранын копиясы, сервистик борбордун жыйынтыктары);
- Товар оң абалда жана сатылгандагы товардык көрүнүшү менен оригиналдуу таңгагы сакталган учурда.
Компаниянын түзүлүштөрүн (4G Wi-Fi Wingle модемдер, 4G Wi-Fi роутерлер, O!Phone 4G Pro, O!TV Android приставкалар) кайтаруу төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
- Товарды сатып алгандан кийин он төрт (14) күндүн ичинде;
- Сатып алуунун фактысын тастыктаган жана күнү белгиленген документтери болгондо (кепилдик талон, товардык же кассалык чектин, счет-фактуранын копиясы);
- Товар оң абалда жана сатылгандагы товардык көрүнүшү менен оригиналдуу таңгагы сакталган учурда.
Жеке кишиге акча каражаттарын кайтаруу касса аркылуу накталай түрдө кайрылгандан кийин 10 (он) күн ичинде жүргүзүлөт.
Юридикалык тарапка төлөөнү накталай эмес жол менен жүргүзгөн учурда анын эсептешүү эсебине накталай эмес жол менен кайрылгандан кийин 10 күн ичинде жүргүзүлөт.
Товарды кайтарууну же алмаштырууну жүргүзүү үчүн абонент Принципалдын сервистик борборунун бул конкреттүү товар товарды кайтаруу жана алмаштыруу шарттарына туура келе тургандыгын тастыктаган жыйынтыгын алып келүүсү зарыл.
Өзгөчө учурларда гана Компания Принципалдын сервистик борборуна заводдук жараксыздыкты аныктоо жана сервистик борбордун жыйынтыгын алуу үчүн түзүлүштөрдү берүү жоопкерчилигин мойнуна алат.
_____________
*Принципал – “НУР Телеком” ЖЧК компаниясына агент катары ишмердүүлүгүнө ыйгарым укукту берген жеке жана юридикалык тарап. Бул процедуранын алкагында “НУР Телеком” ЖЧК компаниясына өз товарын сунуштагана тарап болуп саналат.
Эгер сиз жогоруда аталган пункттарды аткарбасаңыз, анда биз Сизге акча каражаттарынын толук кайтарууга же дал өзүндөй өнүмгө алмаштырып берүүгө кепилдик бере албайбыз.
Эгер товар көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келбесе, анда товарды алмаштыруу/кайтаруу чечими 1997-жылдын 10-декабрындагы №90 КР “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык кабыл алынат.
О!Store интернет-дүкөнүнөн тапшырык аркылуу сатып алган товарды алмаштыруу/кайтаруу процедурасы жана шарттары боюнча суроолоруңуз пайда болсо, анда аларды бизге Кайтарым байланыш аркылуу берсеңиз болот.