- O!Store интернет-дүкөнү - башкы бет
- •
- Дүкөн тууралуу
- •
- Как купить
Кантип сатып алуу керек
- Жаңылыктар
- Дүкөн жөнүндө
- Кантип сатып алуу керек
- Жеткирип берүү
- Кепилдик
- Контакттар
- Кайтарым байланыш
Биздин интернет-дүкөндө товарды сатып алуу процедурасы абдан жөнөкөй жана бир нече кадамдардан турат.
1. Тапшырыкты жолжоболоштуруу
Товарды тандаган соң, Себетке баскычын басыңыз — товар сиздин себетиңизге кошулат.
Андан кийин, сиз товарды тандап бүтсөңүз, Сиздин корзина баскычына басыңыз.
Сиздин корзина баракчасында сиз тандаган товарлар белгиленип турган болот. Сан деген талаага сатып алуу үчүн товардын санын өзгөртүп койо аласыз. Товардын саны өзгөртүлгөндөн кийин, тапшырыктын жалпы суммасын эсептеп чыгуу үчүн Эсептеп чыгуу баскычын басыңыз.
Ар бир товардын үстүндөгү Аракеттер тилкесинде кийинки аракеттерди аткарса болот: же товарды себеттен жок кылуу, же товарды келечекке тандалгандарга калтырып коюу.
Ошондой эле, тиешелүү талаага арзандатуунун кодун киргизсе болот.
2. Тапшырыкты жолжоболоштуруу жана тастыктоо
Товарды жеткирип берүү боюнча керектүү маалыматтарды киргизген соң (алуучунун ФАА, жеткирүү дареги, байланыш маалыматтары, жеткирүү варианты, төлөө түрү ж.б.), тапшырыкты жолжоболоштуруу үчүн тапшырыкты Жолжоболоштуруу баскычын басышыңыз керек.
Тапшырыктын копиясы тапшырыкты жолжоболоштуруп жатканда көрсөтүлгөн сиздин электрондук дарегиңизге жөнөтүлөт.
Көңүл бургула! Туура эмес көрсөтүлгөн телефон номери, так же толук эмес жазылган дарек кошумча кармалууга алып келет! Сураныч, катталуу жана тапшырыкты жолжоболоштуруу учурунда жеке маалыматтарыңызды көңүл коюп текшериңиз.
Сатып алууну жолжоболоштургандан кийин 3 мүнөттүн ичинде тапшырыкты жолжоболоштурууда көрсөтүлгөн байланыш телефондору аркылуу сиз менен жеке маалыматтар боюнча менеджер байланышат. Менеджер менен жеткирүүнүн так убактысын жана мөөнөтүн, ошондой эле башка деталдарды тактап алса болот.
Эскертүү: Туруктуу Кардарлар үчүн дүкөндүн сайтында Каттоо бар. Жеке кабинетиңизден себетиңиздин ичиндегилерди, тапшырыктарыңыздын тарыхын көрө аласыз, ошондой эле тапшырыкты кайталап же баш тарта аласыз, дүкөндүн жаңылыктарына да жазылсаңыз болот.
Сайтта көрсөтүлгөн баалар акыркы баалар болуп саналат жана жеткирүүнүн стандарт шарттарында кошумча төлөөнү талап кылбайт. Бардык салыктар товардын баасына кошуп эсептелген.
Көңүл бургула! Ар бир өзүнчө тапшырык үчүн сиздин тандооңузда төлөөнүн бир гана ыкмасы мүмкүн.
Төлөөнүн мумкүн болуучу ыкмалары:
-
Накталай төлөө.
Төлөө накталай акча түрүндө жеткирүү учурунда курьерге, өзү алып кеткен учурда дүкөндө жүргүзүлөт. -
Дос кредоБанк аркылуу төлөө
Сиз баасы 3000 сом жана андан ашуун суммадагы товарды биздин өнөктөшүбүз аркылуу пайдалуу шарттарда бөлүп төлөө үчүн жолжоболоштуруп алсаңыз болот.