Бөлүп төлөөгө жана насыяга сатып алуу
Жаңы смартфонго акча топтоодон жана керектүү сумма топтолгонго чейин сатып алууну күтүүдөн чарчадыңызбы?
O!Store дүкөндөр тармагы Дос-Кредобанк банкы менен өнөктөштүктө тармактын бардык дүкөндөрүндө Apple, Xiaomi, Samsung, Realme, Honor, Tecno, Infinix, Itel, OnePLus жана INOI смартфондорун баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмсүз бөлүп төлөөгө жолжоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн берет.
Азыр ал - анан төлөө
Насыяны жолжоболоштуруу үчүн паспорт гана керек*:
Кеңсе кызматкерлери үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же биометрикалык паспорт.
* Эгер социалдык фондко чегерүүлөр бар болсо, анда паспорт гана керектелет. Чегерүүлөр жок болсо, анда ээлеген кызматы, чегерүүлөр жана кармап каллулар көрсөтүлгөн акыркы 3 ай үчүн айлык акы жөнүндө маалымкатты же акыркы 12 ай учун банктын көчүрмөсүн (көчүрмөдө 12 айдын ичиндеги 8 айдын активдүүлүгү болушу керек) көрсөтүү керек болот. Айлык акынын өлчөмү 10'000 сомдон башталышы керек.
Жеке ишкерлер үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же биометрикалык паспорт.
2. Тастыктаган дүмүрчөгү менен акыркы 3 айга узартылган патент.
* Эгер буга чейин патент аркылуу жолжоболоштуруу болгон болсо, кайра кайрылганда болгону азыркы айга узартылган патент жана тастыктаган дүмүрчөг керектелет.
Пенсионерлер үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же биометрикалык паспорт.
* Айлык пенсия 9000 сомдон жогору болуусу зарыл.
Мал чарба ээлери үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же биометрикалык паспорт.
2. Малынын бар экендиги жөнүндө маалымкат (айыл өкмөтү тарабынан берилет) же малынын бар экендиги жана сүт өнүмдөрүн саткандыгы жөнүндө банктын акыркы 12 ай үчүн көчүрмөсү (көчүрмөдө 12 айдын ичиндеги 8 айдын активдүүлүгү болушу керек).
* Бул насыя 25-жашка жеткен кардарларга гана берилет.
Насыянын шарттары:
1) Кардардын жаш курагы - 23-төн 70-ке чейин
2) Насыянын суммасы - 3000 сомдон 100'000 сомго чейин
3) Каржылоонун мөөнөтү - 3, 6, 9 жана 12 ай
4) Күрөөгө сатып алынып жаткан товар коюлат.
5) Жолжоболоштуруу - 30 мүнөттүн ичинде
6) Алгачкы төгүм 0%дан 70%га чейин
7) Кепилсиз
8) Мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгү бар
* Мал чарба ээлери үчүн насыянын суммасы 50'000 сомго чейин.
Маанилүү! Банк себептерин түшүндүрбөстөн насыяны берүүдөн баш тартууга укуктуу. Кененирээк маалымат насыялык келишимде орун алган.
Насыяны алуу үчүн онлайн-өтүнмөнү жолжоболоштуруу.
Насыяны жолжоболоштуруу кийинки даректердеги O!Store
дүкөндөрүндө жүргүзүлөт.
Эң көп берилүүчү суроолор
Эмне үчүн O!Store дүкөнүнөн сатып алуу керек?
Насыяны канчалык деңгээлде тез жолжоболоштурса болот?
Айлык акы тууралуу маалымкатты кайдан алса болот?
Мен жеке ишкермин, патент менен иштейм, смартфонду насыяга кантип жолжоболоштурсам болот?
Расмий иштебегендигиме байланыштуу, айлык акы тууралуу маалымкатты көрсөтө албайм. Насыя ала аламбы?
Насыяга бир нече смартфон сатып алса болобу?
Мага насыя бербей коюусу мүмкүнбү?
Азыркы учурда менин башка банкта насыям бар. Мен сиздин дүкөндөн смартфонду насыяга жолжоболоштура аламбы?
Мен Бишкекте жашайм, башка шаарда каттоодо турам, Бишкектен насыя алсам болобу?
Аймактардагы O!Store дүкөндөрүнөн насыя алууга болобу?
Менин дагы суроолорум калды.
Сиздин суроолоруңузга кубануу менен жооп беребиз!