- O!Store интернет-дүкөнү - башкы бет
Эң көп берилүүчү суроолор
Эмне үчүн O!Store дүкөнүнөн сатып алуу керек?
-
O!Store дүкөнүндө дүйнөлүк - Samsung, Xiaomi, Apple, Tecno, Infinix, Vivo, Realme, Poco бренддеринин смартфондорунун кеңири түрү сунушталат.
-
O!Store дүкөнүнөн сатып алынган товарлар тастыкталган жана өндүрүүчүдөн 100%сапат кепилдигине ээ.
-
Ар бир смартфонго кепилдик берилет.
-
O!Store байланыш салондор тармагы Кыргыз Республикасында эң ири болуп саналат жана жалпы өлкөнүн аймактарында 110дөн ашуун дүкөндөрдөн турат.
-
Каалаган смартфонду насыяга жолжоболоштурууга мүмкүнчүлүк бар.
-
Акциялар жана арзандатуулар дайыма жүрүп турат. O!Store дүкөнүнөн сатып алуу –пайдалуу!
O!Store дүкөндөрүнөн сатып алган смартфондор башка уюлдук операторлордун SIM-картасы менен иштейби?
Ооба, O!Store дүкөнүндө коюлган смартфондордун баары – фирмалык жана оригиналдуу смартфондор болуп саналат, аларды дүйнөнүн бардык өлкөсүндө каалаган GSM операторлорунда колдонсо болот.
Смартфонду насыяга же бөлүп төлөөгө жолжоболоштуруу үчүн кандай документтер керек?
Сизге болгону 2 гана документ керек:
-
Паспорт (Эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалымкат);
-
3 айга же андан ашык мөөнөткө Айлык акы тууралуу маалымкат
Насыяны канчалык деңгээлде тез жолжоболоштурса болот?
Керектүү документтердин бардыгы колуңузда болгондо насыяны жолжоболоштурууга болгону 20-30 мүнөт кетет. Алгач Сиз 0705007000 номери боюнча колл-борборго чалсаңыз болот, сизге тажрыйбалуу адистер кеңештерин беришет. Андан кийин сизге маалымкаттарды жана документтерди гана даярдоо калат. Дүкөнгө келердин алдында бизге чалып коюңуз, адистер Сизге ылайыктуу дүкөндө смартфонду брондоп коюшат жана максималдуу ылдамдыктагы 10 ГБ интернет-трафик түрүндө белекти даярдап коюшат.
Айлык акы тууралуу маалымкатты кайдан алса болот?
Айлык акы тууралуу маалымкатты мекемеңиздин бухгалтериясынан ала аласыз.
Мен жеке ишкермин, патент менен иштейм, смартфонду насыяга кантип жолжоболоштурсам болот?
Сиз смартфонду насыяга жеңил эле жолжоболоштуруп аласыз. Сизге паспортуңуздан тышкары, акыркы 3 ай үчүн жарактуу патентиңиздин оригиналын көрсөтүүңүз керек болот. Ошондой эле, патентти узартууну тастыктаган акыркы дүмүрчөктү дагы көрсөтүүңүз зарыл.
Расмий иштебегендигиме байланыштуу, айлык акы тууралуу маалымкатты көрсөтө албайм. Насыя ала аламбы?
Сиз бардык O!Store филиалынан «Мол Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынан насыя жолжоболоштура аласыз. Насыяны алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу чечимди насыяны алуу үчүн документтерди карай турган каржы мекемеси кабыл алат. Банк өз кезегинде себептерин билдирбестен, насыя берүүдөн баш тартууга укугу бар экендигине Сиздин көңүлүңүздү бура кетмекчибиз.
Мен Бишкекте жашайм, башка шаарда каттоодо турам, Бишкектен насыя алсам болобу?
Ооба, Сиз Бишкек шаарындагы O!Store дүкөндөрүнөн насыя алсаңыз болот. Насыя алуу үчүн Бишкекте жашагандыгыңыз тууралуу домкомдон тастыктоочу маалымкат керек.
Аймактардагы O!Store дүкөндөрүнөн насыя алууга болобу?
Ооба, дээрлик бардык O!Store дүкөндөрүндө Сиз үчун насыя жолжоболоштурууга ДосКредобанктын адистери бар. Конкреттүү дүкөндөн насыя алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу бул жерден билсе болот же 0705007000 телефону аркылуу тактай аласыз.
Пенсионерге насыя жолжоболоштурса болобу?
Ооба, Сиз «Мол Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынан насыя алуу менен смартфонду сатып алсаңыз болот.
Насыяга бир нече смартфон сатып алса болобу?
Ооба, эгер банк Сиздин кирешеңиз бир нече смартфонду сатып алууга жетет деп эсептесе, Сиз насыяга бир нече смартфон сатып алсаңыз болот.
Азыркы учурда менин башка банкта насыям бар. Мен сиздин дүкөндөн смартфонду насыяга жолжоболоштура аламбы?
Ар бир кардардын ишин Банк жеке карап чыгат, эгерде Банктын адистери Сиз жана Сиздин үй-бүлөңүз кошумча каржылык жүктү көтөрө алат деп эсептесе, Сиздин балким кошумча киреше булагыңыз бардыр ж.б., анда Сиз смартфонду насыяга жолжоболоштура аласыз.
Менин дагы суроолорум калды.
Бизге 0705007000 телефону аркылуу байланышыңыз (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз). Сиздин суроолоруңузга кубануу менен жооп беребиз! Ошондой эле Сиз өзүңүзгө чалууну тапшырык кыла аласыз – ostore.kg сайтынан жагып калган смартфонду тандаңыз, “тапшырык кылуу” баскычын басыңыз, өз номериңизди киргизиңиз, жакын арада биздин менеджер Сизге байланышка чыгат.