Товарлардын каталогу
- O!Store интернет-дүкөнү - башкы бет
- •
- Жаңылыктар
- •
- Samsung Galaxy S10 смартфондун анонсу качан боло тургандыгы тууралуу маалымат тарады.
Samsung Galaxy S10 смартфондун анонсу качан боло тургандыгы тууралуу маалымат тарады.
11.01.2019
Интернет талаасында Samsung Galaxy S10 смартфондорунун флагмандык сериясынын анонсу качан боло тургандыгы тууралуу маалымат тарады.
Качан күтүлүп жатат
Алгач бет ачардын Барселонада MWC 2019 көргөзмөсүнүн алкагында болору болжолдонуп жаткан, бирок популярдуу Ice Universe кытай инсайдери андай эмес экендигин билдирет. Жаңы Galaxy S смартфондорун өзүнчө иш-чарада көрсөтүшөт. Бет ачар Сан-Францискодо 20-февралда өтөт. Бул маалыматты компаниянын пландарына жакын булакка таянган Koreaherald басылмасы да тастыктады.

Эмне белгилүү
Бизге жеткен маалыматтарга караганда флагмандык серияга дароо 5 смартфон кирет. Булар: 5.8-дюймдук дисплейи менен кичүү Galaxy S10 Lite , негизги кош камерасы бар 6.1-дюймдук Galaxy S10 базалык жана чоң 6.44 дюймдук экрандуу, үч негизги жана кош маңдайкы камерасы бар Galaxy S10+ смартфондору.
Смартфондун башка эки версиясы 5G-түйүнүн колдоого, же балким керамикалык корпуска ээ болуп калышы ыктымал. Жалпысынан, кандайдыр-бир түп тамырынан бери өзгөртө турган айырмачылыктар болбойт. Болгону бир моделдин америкалык Verizon оператору үчүн эксклюзив болору, ал эми экинчисинин АКШнын чегинен тышкары жеткиликтүү болору гана белгилүү.
Бардык беш түзүлүш тең Snapdragon 855 же Exynos 9820 (сатуу рыногуна жараша) процессору менен жабдылат. Жаңы смартфондордун баасы $750-1500 тегерегинде болот.
Маалымат: Twitter / gagadget.com
Тизмеге кайтуу

Ошондой эле
17.04.2019
Samsung компаниясынын жаңы өнүмдөрүн тааныткан расмий релизинен бир жума өтпөй туруп, алар O!Store дүкөндөрүндө сатыла баштады.
Кененирээк
15.04.2019
O!Store дүкөнү Баткендеги ачылышын бардык аксессуарларга жарыяланган жагымдуу арзандатуулар менен белгилемекчи.
Кененирээк
12.04.2019
Бүгүн жана эртең – 2019-жылдын 12-13-апрелинде, Vefa соода борборундагы O!Store дүкөнүндө мобилдик аксессуарларга Акция жүрөт.
Кененирээк