Товарлардын каталогу
- O!Store интернет-дүкөнү - башкы бет
- •
- Жаңылыктар
- •
- Samsung Galaxy S10 смартфондун анонсу качан боло тургандыгы тууралуу маалымат тарады.
Samsung Galaxy S10 смартфондун анонсу качан боло тургандыгы тууралуу маалымат тарады.
11.01.2019
Интернет талаасында Samsung Galaxy S10 смартфондорунун флагмандык сериясынын анонсу качан боло тургандыгы тууралуу маалымат тарады.
Качан күтүлүп жатат
Алгач бет ачардын Барселонада MWC 2019 көргөзмөсүнүн алкагында болору болжолдонуп жаткан, бирок популярдуу Ice Universe кытай инсайдери андай эмес экендигин билдирет. Жаңы Galaxy S смартфондорун өзүнчө иш-чарада көрсөтүшөт. Бет ачар Сан-Францискодо 20-февралда өтөт. Бул маалыматты компаниянын пландарына жакын булакка таянган Koreaherald басылмасы да тастыктады.

Эмне белгилүү
Бизге жеткен маалыматтарга караганда флагмандык серияга дароо 5 смартфон кирет. Булар: 5.8-дюймдук дисплейи менен кичүү Galaxy S10 Lite , негизги кош камерасы бар 6.1-дюймдук Galaxy S10 базалык жана чоң 6.44 дюймдук экрандуу, үч негизги жана кош маңдайкы камерасы бар Galaxy S10+ смартфондору.
Смартфондун башка эки версиясы 5G-түйүнүн колдоого, же балким керамикалык корпуска ээ болуп калышы ыктымал. Жалпысынан, кандайдыр-бир түп тамырынан бери өзгөртө турган айырмачылыктар болбойт. Болгону бир моделдин америкалык Verizon оператору үчүн эксклюзив болору, ал эми экинчисинин АКШнын чегинен тышкары жеткиликтүү болору гана белгилүү.
Бардык беш түзүлүш тең Snapdragon 855 же Exynos 9820 (сатуу рыногуна жараша) процессору менен жабдылат. Жаңы смартфондордун баасы $750-1500 тегерегинде болот.
Маалымат: Twitter / gagadget.com
Тизмеге кайтуу

Ошондой эле
24.12.2018
2018-жылдын 24-декабрынан 31-декабрына чейин О! Мобилдик операторунун эксклюзивдүү белегине – жарашыктуу жана модалуу О!Свитерге ээ болуңуз...
Кененирээк
14.12.2018
1300 сомго чейинки жаңы жылдык кэшбэкке Honor смартфонун сатып алган ар бир киши ээ болот...
Кененирээк
07.12.2018
Акысыз SIM-карта менен акысыз байланышты, ошондой эле болгону 1 гана сомго эки симкалуу Jinga телефонун алуу мүмкүнчүлүгүн берген, баарынын көңүлүнө жаккан Акция...
Кененирээк