10.12.2025
iPhone 17 O!Store'до – акысыз жеткирүү менен бөлүп төлөө бар
10.12.2025
Грандиозная распродажа смартфонов в O!Store: СКИДКИ до 80%
10.12.2025
Жаңы жылга карата O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
10.12.2025
Ждать осталось недолго! Скоро в O!Store появятся новые iPhone 17
10.12.2025
O!Store’до HONOR смартфондору белектер менен коштолот: рюкзак, термос жана башка керектүү буюмдар
10.12.2025
O!Store дүкөндөрүндө гана: Samsung S25 же S25 Ultra сатып алып, JBL белегине ээ болуңуз!
10.12.2025
O!Store приглашает жителей Оша на открытие нового филиала с шоу и подарками!
.png)
O!Store'дун жаңы жылдык иш графиги
Керектүү кызматтарды өз убагында кошуу, белектерди сатып алуу же балансты толуктоо үчүн төмөндөгү графиктин өзгөртүүлөрү менен таанышыңыз:
2025-жылдын 31-декабрында өлкө боюнча көпчүлүк кеңселер саат 16:00гө чейин кыскартылган график боюнча иштейт. Борбор калаадагы ири соода борборлорунун филиалдары бул күнү адаттагыдан узагыраак иштейт:
O!Store «Бишкек Парк» СБ – 20:00 чейин;
O!Store «ГУМ» жана «ГУМ-2» СБ – 18:00 чейин.
2026-жылдын 1-январы бүтүндөй тейлөө тармагы үчүн дем алыш күнү деп жарыяланды, төмөнкүдөн башка:
O!Store «Бишкек Парк» СБ – кеңсе 12:00дөн 22:00гө чейин келүүчүлөрдү күтөт.
2026-жылдын 2-январынан баштап көпчүлүк кеңселер кадимки режимде иштей баштайт. Бирок, бир нече өзгөчөлүктөр бар:
Жалал-Абад: ЦУМдагы кеңсе («Айгуль» СҮ) 2-январда иштебейт, 3-январда – иштей баштайт.
«Беш-Сары» рыноктору: «Беш-Сары ЮГ», «Беш-Сары Сити» жана O!Store «Беш-Сары» кеңселери 2 жана 3-январда иштебейт, иштин башталышы – 4 январь.
Үйгө жеткирүү жөнүндө
ostore.kg интернет-дүкөнүнүн курьерлери Бишкек шаарынын ичинде буйрутмаларды 31-декабрь саат 21:00гө чейин кабыл алышат жана жеткирип беришет. Андан соң жеткирүү кызматы майрамдык эс алууга чыгып, өз ишин кайрадан 2-январдан тарта кадимки тартипте улантат. Майрамдык белектер өз убагында жеткирилиши үчүн сатып алууларыңызды алдын ала пландаштырууну сунуштайбыз.
Онлайн-тейлөө 24/7. Эсиңиздерге салабыз, майрам күндөрү көпчүлүк маселелерди үйдөн чыкпай эле аралыктан чечсе болот:
«Мой О!» тиркемесинде тарифти башкарып жана кызматтарды кошуп алса болот.
WhatsApp: https://wa.me/996700000999 же Telegram: https://t.me/+996700000999 мессенжерлеринде, ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы жеке билдирүүлөрдө кызмат көрсөтөт.
Кыргызстан боюнча чалуулар үчүн (бардык операторлордон): 9999.
Эл аралык чалуулар үчүн: +996700000999.
Келүүңүздү алдын-ала пландаңыз жана О! менен байланышта болуңуз!
Кененирээк: o.kg | КР МТжБМК караштуу МБК лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК 06.12.2016-ж. № 16-0062-КР жана № 16-0063-КР

