- O!Store интернет-дүкөнү - башкы бет
- •
- Жаңылыктар
- •
- Үйдѳн чыкпай туруп смартфонду насыяга алуу эми бүтүндѳй Кыргызстан боюнча мүмкүн!
Үйдѳн чыкпай туруп смартфонду насыяга алуу эми бүтүндѳй Кыргызстан боюнча мүмкүн!
Жаӊы технологиялар биздин жашообуздун дээрлик бүт жактарына таасирин тийгизди. Бүгүн болсо, алар аймактарга жетти. Аракеттеги санариптештирүү – бул убакыт менен акчаны үнѳмдѳѳ жана маселелерди максималдуу түрдѳ тез чечүү.
«Насыяга смартфон» онлайн-насыялоо программасы жалпы Кыргызстан боюнча ийгиликтүү иштей баштады. Натыйжада кардар кезек күтүүлѳр менен банкка чуркоодон кутулуп, келишимге кол коюу жана жаӊы смартфонун алуу үчүн жакынкы О!Store дүкѳнүнѳ бир эле жолу барат.
Биринчи ирет www.ostore.kg сайтынан онлайн-табыштаманы толтуруу же болбосо жаккан смартфондун баракчасынан «Насыяга жолжоболоштуруу» баскычын басуу зарыл. Андан кийин сайт анкета толтуруу баракчасына багыттайт. Бул жерде тѳмѳнкү документтердин сканерленген кѳчүрмѳлѳрүн же сүрѳттѳрүн жүктѳѳ талап кылынат:
-
Паспорт (Эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалымкат);
-
Айлык акы тууралуу маалымкат (тѳмѳндѳ кѳрсѳтүлгѳн документтердин бири):
-
эмгек келишиминин негизинде иштегендер үчүн айлык акы жѳнүндѳ маалымкат;
-
жеке ишкерлер үчүн акыркы 3 ай же андан ашык мѳѳнѳт үчүн патент (түпнускасы жана патентке тѳлѳнгѳндүгүн кѳрсѳткѳн квитанция);
-
мал чарбасынын ээлери үчүн айыл ѳкмѳтүнѳн малынын бар экендигин тастыктаган маалымкат.
Документтердин кѳчүрмѳлѳрүн жүктѳгѳн соӊ, «табыштаманы жѳнѳтүү» баскычын басыӊыз. Бардагы даяр!
Банктын кызматкерлери тарабынан тапшырыгыңыз каралып чыгып процесс аяктаган соӊ, келишимге кол коюп, жаӊы самртфонуӊузду алып кетүү үчүн O!Store дүкѳнүнѳн чалышат.
O!Store дүкѳндѳрүнүн башкы максаты – тейлѳѳнү ѳтѳ тез, жѳнѳкѳй жана жеткиликтүү кылуу. Кардарлар жеке графиктерине карай, үйдѳн же кеӊседен чыкпай туруп онлайн-табыштаманы толтуруу үчүн ыӊгайлуу убакты ѳздѳрү тандай алышат. Ѳзгѳчѳ ыӊгайлуулук бѳлүмгѳ барып келүү үчүн иштѳѳ графигин ѳзгѳртүү, маанилүү жумуштарды кийинкиге калтыруу же дем алышты коротуу талап кылынбаганында.
Үйдѳн чыкпай туруп насыяга смартфон алууну каалайсызбы — сизге www.ostore.kg керек.
Суроо пайда болдубу? Толук маалымат үчүн 0705007000 номерине чалыӊыз.
Насыя «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк себептерин түшүндүрбөстөн насыя берүүдөн баш тартуу укугуна ээ экендигин белгилей кетмекчибиз. «Дос Кредобанк» ААК КРУБ №037 лицензиясы.