02.03.2026
O!Store'до Honor телефондоруна –15% арзандатуу: майрамдарга карата пайдалуу баада сатып алууга үлгүрүңүз!
30.12.2025
O!Store'дун жаңы жылдык иш графиги
10.12.2025
iPhone 17 O!Store'до – акысыз жеткирүү менен бөлүп төлөө бар
10.12.2025
Грандиозная распродажа смартфонов в O!Store: СКИДКИ до 80%
10.12.2025
Жаңы жылга карата O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
10.12.2025
Ждать осталось недолго! Скоро в O!Store появятся новые iPhone 17
10.12.2025
O!Store’до HONOR смартфондору белектер менен коштолот: рюкзак, термос жана башка керектүү буюмдар
10.12.2025
O!Store дүкөндөрүндө гана: Samsung S25 же S25 Ultra сатып алып, JBL белегине ээ болуңуз!

O!Store дүкөндөрүндө O!Bank аркылуу 3 айдан 12 айга чейин бөлүп төлөө шарты каралган
Эми O!Store дүкөндөрүнөн каалаган түзүлүштү O!Bank аркылуу 3, 6, 9 же 12 айга бөлүп төлөө шарты менен сатып алсаңыз болот. Бул финансылык мүмкүнчүлүктөрүңүзгө жараша ыңгайлуу төлөө графигин тандоого мүмкүндүк берет.
Ийкемдүү графиктин артыкчылыктары
- Азыр жана бул жерде жашоо. Жашоону кийинкиге калтыруу синдромуна «Жок!» деңиз. Бөлүп төлөө шарты заманбап технологияларды жеткиликтүү кылуу менен, ылайыктуу учурду күтүп отурбастан, смартфонуңузду бүгүн жаңыртууга мүмкүндүк тартуулайт.
- Бюджетти башкаруу. Бөлүп төлөө менен бир чоң сумманы акырындап азайтуучу бир нече чакан төлөмгө бөлө аласыз.
- Тездик жана жөнөкөйлүк. Сиз сатып алууну паспортуңуз менен бир нече мүнөттө жолжоболоштуруп, товарды дароо колдоно баштайсыз.
Сизден документтердин минималдуу топтому талап кылынат
- Эгер кардар КР социалдык фондуна чегерүүлөрдү төлөсө – паспортун көрсөтүүсү жетиштүү.
- Эмгек акысы тууралуу маалымкат. Эгерде мындай маалымкат жок болсо, 12 айдын ичинде 3 айлык активдүүлүк болгон учурда, банктан эсептешүү эсеби боюнча акыркы 3 же 12 айдын көчүрмөсүн алуу менен бөлүп төлөөнү жолжоболоштурса болот.
Бөлүп төлөө шарты баасы 3 миң сомдон 200 миң сомго чейинки товарларга берилет.
Баштапкы төгүм кардардын каалоосуна жараша төлөнөт, ансыз да алууга болот.
Кардар кошумча айыппул төлөбөстөн, карызын мөөнөтүнөн мурда төлөй алат.
Кошумча мүмкүнчүлүктөр тууралуу кененирээк маалыматты 0705 007 000 телефону аркылуу же ostore.kg сайтынан ала аласыз.
Кредит «О!Банк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «О!Банк» ААК. КРУБ 17.09.2024-ж. №044 лиц. Толугураак obank.kg сайтында.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

