- O!Store интернет-дүкөнү - башкы бет
- •
- Жаңылыктар
- •
- Зарыгып күтүүнүн да, акча топтоонун да кереги жок. Каалаган смартфонуңузду дароо азыр сатып алыңыз!
Зарыгып күтүүнүн да, акча топтоонун да кереги жок. Каалаган смартфонуңузду дароо азыр сатып алыңыз!
Биздин интернет-дүкөндө жана бүт өлкө боюнча бардык O!Store дүкөндөрүндө смартфондордун популярдуу Apple, Samsung, Xaiomi, Honor, Realme, Tecno, OnePlus, Infinix, Itel жана INOI бренддерине бөлүп төлөө старт алды. Бөлүп төлөөнүн маңызы сиз мыкты смартфонго ашык төлөмсүз жана пайызсыз ээ болуу менен бирге, аны бирдей үлүштө 3, 6 жана 9 айда төлөп бүтөсүз дегенди билдирет. Аз-аздан төлөй бересиз, смартфонду болсо дароо колдоно баштайсыз.
O!Store онлайн-витринасын ачып алыңыз да, дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдөн сиздин мобилдик жашооңуздун заманбап технологиялык жандоочун тандап алыңыз.
Смартфонду бѳлүп тѳлѳѳгѳ жолжоболоштуруу үчүн керектүү документтер:
-
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же биометрикалык паспорт.
* Эгер социалдык фондко чегерүүлөр бар болсо, анда паспорт гана керектелет. Чегерүүлөр жок болсо, анда ээлеген кызматы, чегерүүлөр жана кармап каллулар көрсөтүлгөн акыркы 3 ай үчүн айлык акы жөнүндө маалымкатты же акыркы 12 ай учун банктын көчүрмөсүн (көчүрмөдө 12 айдын ичиндеги 8 айдын активдүүлүгү болушу керек) көрсөтүү керек болот. Айлык акынын өлчөмү 10'000 сомдон башталышы керек.
Мал чарбаларынын ээлери үчүн смартфондорду кепилсиз насыяга сатып алуунун өзгөчө шарттары жүрөт. Агронасыя тууралуу кененирээк маалыматты жана конкреттүү моделдин бар экендигин 0705007000 телефону аркылуу, биздин сайтыбыздан жана O!Store дүкөндөрүнөн билсе болот.
Жагымдуу бонус – сиз жеткирүүнү жолжоболоштурганыңызда О! түйүнүндө максималдуу ылдамдыктагы 20 ГБ акысыз мобилдик интернетке ээ болосуз (акысыз жеткирүү Бишкек шаарынын чегинде каралган).
Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.
Акция 2021-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейин (камтуу менен) акцияга киргизилген жана O!Store дүкөндөрүндө сатылган Xiaomi, Samsung, Tecno, Honor, Inoi, Realme, OnePlus, Infinix жана Itel смартфондорун бөлүп төлөөнү тариздөө үчүн жыл сайын мөөнөтүн узартуу менен жүрөт. Акциянын шарттары: баштапкы төгүм 0%, пайыздык коюм 0%, бөлүп төлөө мөөнөтү 3, 6 же 9 айга чейин, бөлүп төлөөнүн минималдуу босоголук суммасы – 3 000 сом, 1 жеке адамга смартфондордун саны – 2 даанадан ашык эмес. Акциянын мөөнөттөрү жана шарттары жөнүндө актуалдуу маалыматты, ошондой эле акцияга киргизилген смартфондорду жана O!Store дүкөндөрүн ostore.kg сайтынан тактап алыңыз. Коомго ачык оферта болуп саналбайт. «Дос Кредобанк» КРУБ лицензиясы: №037.