0
0
Товарлардын каталогу
Баасы: 2300 c
Сатыкта бар Жеткиликтүүлүгүн текшерүү
JBL
Товардын башка варианттары:
Түсү:
Өзгөчөлүктөрү:
Өндүрүүчү
JBL
Түсү
Кепилдик
3
Bluetooth
-
Кулаккаптардын түрү
Проводные внутриканальные наушники
Өзгөчөлүктөрү:
Маалымат
Өндүрүүчү JBL
Кепилдик 3
Байланыш
Bluetooth -
Башкалар
Түсү Black Башка товарлар
Кулаккаптардын түрү Проводные внутриканальные наушники
Комплектация Силиконовые насадки
Товардын сүрөттөөсү

JBL Endurance RUN – бул атайы спортчулар, саякатчылар жана активдүү жашоо образын жүргүзгөн кишилер үчүн иштелип чыккан суудан коргоосу бар зымдуу кулакчындар. Аларда бөтөнчө бышыктык менен теңдеши жок жайлуулук айкалышкан. Алардын бардык элементтери – кулакка жакшы отуруудан музыкалар менен чалууларды башкаруу пультуна чейин – машыгууңузду жеңилдетүү жана жаңы бийиктиктерге жетүүңүздү камсыздоо үчүн кылдаттык менен иштелип чыккан.

  • Тунук үн – жаңы жетишкендиктер үчүн эргүү булагы
Бардык эле JBL кулакчындары сыяктуу, бул вкладыштар музыкадан максималдуу ырахат алууңузду камсыздоо үчүн жасалган. Таасирдүү JBL Signature Sound мыкты бас менен тунук жогорку жыштыктарды камсыздап, мындай үн сизге дагы эки-үч километр чуркоо же тренажёр менен дагы машыгуу үчүн кошумча энергия берет.
  • Ыңгайлуу фиксация
Ийкемдүү конструкциясы JBL Endurance RUN кулакчындарын өзүңүз үчүн ыңгайлуу тагынууга мүмкүндүк берет. FlipHook™ дизайны аркылуу кулакчындарды кулакка зымдарын төмөн каратып да, ыңгайлуураак болушу үчүн кулактын артынан өткөрүп да тагууга болот.
  • Эргономикалуу форма
Бул кулакчындар жеңил жана максималдуу комфорт менен бардык, ал тургай кыйла активдүү машыгууларда туруктуулукту камсыздай тургандай долбоорлонгон. FlexSoft™ жумшак вкладыштар менен TwistLock™ технологиясынын айкалышы бул вкладыштардын машыгуу учурунда жолтоо болбошун жана кулактан түшүп калбашын кепилдейт.
  • Терден жана суунун чачыроосунан коргоо
JBL Endurance RUN ачык абада же жабык имараттын ичинде интенсивдүү машыгууларга арналып иштелип чыккан. Суунун чачыроосунан коргоочу дизайны (IPX5), тердеген же жамгырда калган учурда да, кулакчындардын эч кандай кыйынчылыксыз иштөөсүн камсыздап берет.
  • Толук көзөмөл
Кабелге орнотулган бир баскычтуу жана микрофондуу аралыктан башкаруу пульту JBL ENDURRUN кулакчындарын телефон менен hands-free режиминде сүйлөшүүгө жана музыканы башкарууга мүмкүндүк берет. Машыгууга көңүл коюп, ритмиңизди бир басуу менен көзөмөлдөңүз.
  • Магниттүү бекиткич
JBL Endurance RUN кулакчындарынын ичинде аларды колдонбогон учурда сактоо ыңгайлуу болушу үчүн вкладыштарды бири-бирине бириктире турган магнит вставкалар бар. Мындайча алар бири-бири менен чырмалбайт, жана сумкага же чөнтөккө салып жүрүү оңой болот.

Товардын сүрөттөөсү





Окшош товарлар (59)
Баасы: 2300 c
Сатыкта бар Жеткиликтүүлүгүн текшерүү
Ошибка

Закрыть окно

Товар себетке кошулду
Бардыгы:
Тапшырык кылуу
Телефон номериңизди киргизиңиз
Запросить стоимость товара
Заполните данные для запроса цены
Запросить цену Запросить цену