- O!Store интернет-дүкөнү - башкы бет
Пикир жарыялоо эрежелери.
1. https://ostore.kg сайтында катталган колдонуучулар (кардарлар) пикирлерин калтыра
2. Пикирлер модератор тарабынан каралгандан кийин жарыяланат. Мүмкүн болушунча автордун орфография жана пунктуациясы сакталат. Ката жазылгандар гана оңдолот.
3. https://ostore.kg
сайтында пикирлерин калтыруу менен, Кардар «НУР Телеком» ЖЧК тарабынан тараптык ресурстарында калтырылган пикирлерди жарыялоо укугу, ошондой эле https://ostore.kg сайтындагы башка колдонуучулардын пикирлерин эркин көчүрүү мүмкүнчүлүгү бар экендигине макулдугун берет.
Пикириңизге эмнелерди камтуу керек:
- Көңүлүңүздү пикириңиздин предметине буруңуз. Товар/дүкөн эмне үчүн жакканын же жакпагандыгынын себептерин белгилесеңиз, Сиздин пикир башка колдонуучулар үчүн абдан пайдалуу болуш керек.
- Сылык болуңуз жана сабаттуу жазыңыз.
- Өзүңүздө калган таасирлер жөнүндө жазыңыз, бирок башка пикирлерди көчүрбөңүз жана коммерциялык материалдарды жайгаштырбаңыз. Дүкөн/товар тууралуу ар башка аккаунттардан бир нече пикирлерди жарыялабаңыз.
- Компанияга кайрылуу тажрыйбаңыз жөнүндө айтып бериңиз – кызматтын, баанын, атмосферанын сапатын баалаңыз.
- Сиздин пикириңиз жардам бере турган кишилер жөнүндө ойлонуңуз. Тажрыйбаңыз тууралуу сиздин пикирди уккан кишиде товар/дүкөн жөнүндө оңой жана тез ойлор жарала тургандай кылып жазууга аракет кылыңыз.
Пикирлер төмөнкү учурларда жарыяланбайт:
• Адепсиз сөздөр бар болсо;
• Автор менен талкууга кирүү, башка рецензенттер жана авторлорго акарат келтирүү максаты болсо;
• Көп сандаган лексикалык, орфографиялык жана башка каталар болсо;
• Латын тамгалары менен терилген болсо;
• Жарнамлык мүнөздөгү пикирлер (телефондордун номерлери, даректер, башка сайттарга шилтемелер);
• Кандайдыр-бир башка товарды таап берүү жөнүндө сураныч;
• Таптакыр башка текст.
«НУР Телеком» ЖЧК https://ostore.kg сайтында жарыяланган колдонуучулардын пикирлеринин мазмунуна жооп бербейт, анткени алар колдонуучулардын оюн чагылдырат жана редакциялык материал болуп саналбайт.
Жогоруда жазылган талаптарга жооп бербеген пикирлерди, ошондой эле бирдей тексттик шаблондор менен аткарылган башка товарларга жазылган пикирлерди https://ostore.kg сайтынын редакторлорунун жарыялабай коюу укуктары бар экендигин түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз.