- O!Store интернет-дүкөнү - башкы бет

O!Store дүкөндөрүндө алмашуу боюнча смартфон.
O!Store дүкөндөрүнөн эски смартфонуңузду жаңысына алмаштырып алыңыз.
Эгерде сиз эскирип калган смартфонду колдонуп жүрсөңүз, анда акция жүрүп жаткан O!Store дүкөндөрүндөгү каалаган товарга атайын баа алуу үчүн «Алмашуу боюнча смартфон» акциясына катышыңыз.
1) Колдонулган аппаратты «ABC» сервис борборуна алып келиңиз;
2) Сервистик борбор аппаратыңызды баалаган суммага ваучер алыңыз;
3) Ваучер менен O!Store дүкөнүнөн жаңы смартфонго же аксессуарга төлөңүз.

«Алмашуу боюнча смартфон» акциясы кандай иштейт
Акцияга паспортун көрсөтүү менен 18 жашка чыккан бардык жарандар катыша алат.
Сиз каалаган мурда колдонулган түзүлүшүңүз менен «ABC» сервис борборуна (СБ) кайрылыңыз. Дареги: Шопоков көч., 121/1. Иштөө графиги: 10.00-18.00, тыныгуусуз, жекшемби – дем алыш.
«ABC» СБ түзүлүштүн абалын баалайт жана ваучер жазып берүүгө милдеттеме ала турган баасын белгилейт. Сервис борбору мурда колдонулган түзүлүштүн абалын баалагандан кийин смартфонду кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.
Эгерде мурда колдонулган түзүлүш акцияга туура келе турган болсо, сиз эски смартфонуңуз бааланган суммага ваучер аласыз.
Ваучерге эмне сатып алса болот
Ваучердеги көрсөтүлгөн сумманы кемитүү менен каалаган смартфонду же аксессуарды алса болот.
Ваучердин суммасы товарлардын суммасынан көп болсо бир ваучер менен бир нече товарларга төлөсө болот.
Тандап алган товардын суммасы ваучердин номиналынан көп болгон учурда, жетпей жаткан сумманы накталай акча менен төлөсө болот.
Эгерде тескерисинче, тандап алган товардын баасы ваучердин суммасынан аз болсо, айырмасы кайтарылбайт, анткени ваучерлердин суммасынын баары же бир бөлүгү акча каражаттарына алмаштырылбайт.
Көңүл бургула!
Сизден сатылып алынган смартфон 3 календарлык күндөн кийин кайтарылбайт;
Ваучердин мөөнөтү – 7 календарлык күн;
Ваучерди жоготуп жиберген учурда же штрих-кодун бузуп алганда, ваучер жана акчалар калыбына келтирилбейт;
Акциянын өнөктөшү – «ABC» сервис борбору ваучерлерди берүү жана мурда колдонулган түзүлүштөрдү баалоо боюнча толук жоопкерчиликти өз мойнуна алат.
Ваучерлерди алмаштырып ала турган O!Store дүкөндөрүнүн даректери:
«Азия Молл» СОЗБ. 1-кабат. Ч.Айтматов пр., 3.
«Beta Stores 2» СБ, 1-кабат. Юнусалиев пр. 177/2.
«Беш Сары Сити», Бейшеналиева көч., 42а, Чүй проспектинин кесилиши.
«Бишкек Парк» СОЗБ, М1 кабаты. Киев көч., 148.
«Vefa» СБ, 1-кабат. Горький көч., 27/1.
ГУМ «Чынар» СОЗБ. 1-кабат. Чүй пр., 92.
«ЦУМ» СБ, 1-кабат. Чүй пр., 155.
«Берекет Гранд», Чүй пр., 204, Ош базары. Борбордук кириш.
«Дордой» базары, Кожевенная көч., 1, (ориентир: мечиттин жанында).
«Орто-Сай» базары, Суеркулов көч., 20/1. Суеркулов/Юнусалиев кесилиши.
«Beta Stores 1» СБ, Чүй пр., 150А, борбордук ириштин сол жагы.
«Аламедин Гранд» СБ. Жибек-Жолу көч., 150а Алма-Ата көчөсүнүң кесилиши.
«Табылга», Жибек-Жолу пр., 85 1-кабат, батыш тарабы.
«Фрунзе» гипермаркети. Фрунзе көч., 215, кириште сол жагы.
«Беш Сары» СБ. Бейшеналиева көч., 42а, Киев көчөсүнүн кесилиши.
«Globus» гипермаркети. Ак-Босого ж/к, Профессор Зима көч., 204/3.
«Оомат» дүкөнү, Ауэзов көч., 2, Аламедин-1.
«Globus» гипермаркет. Гагарин көч., 275/1.
«Дордой», «Алкан» базары, борбордук өтмөк, контейнер №138.
Лебединовка, Жеңиш пр., 109.
«Фрунзе» гипермаркети. Новопавловка а., Фрунзе көч., 215, кириште сол жагы.
«Алмашуу боюнча смартфон» акциясы 2020-жылдын 14-февралынан тартып 2020-жылдын 31-декабрын камтуу менен жүрөт.