Товарлардын каталогу
- O!Store интернет-дүкөнү - башкы бет
- •
- Гаджеттер жана акылдуу түзмөктөр
- •
- Үй үчүн гаджеттер
- •
- Умный дом в Кыргызстане
- •
- Робот-пылесос ELARI SmartBot Brush
Маалымат | ||
Өндүрүүчү | Elari | |
Кепилдик | 3 | |
Аккумулятор | ||
Аккумулятордун стандарттык сыйымдуулугу | Заряжается за 240 мин | |
Колдонуунун максималдуу убактысы | до 120 мин | |
Мультимедиа | ||
Добуштун кубаттуулугу | Уровень шума 65 дБ | |
Башкалар | ||
Түсү | Black | Башка товарлар |
Биздин сунуштар | Рассрочка 0-0-9 / Кешбэк 3% | |
Аккумуляторду сыйымдуулугу | 4400 mAh | |
Тип контейнера | Для пыли 0.45 л. и для воды 0.15 л. | |
Физикалык көлөм | 31 x 31 x 8.10 см | |
Аккумулятордун түрү | Li-Ion | |
Кошумча мүмкүнчүлүктөр | Сухая и влажная уборка; Местная и быстрая уборка; | |
Салмак | 2.3 кг. | |
Интерфейс | Датчики падения и столкновения; Голосовое/дистанционное управление; Вращающаяся турбощетка | |
Бөлүп төлөөнүн баасы | 13871 |
SmartBot Brush робот-чаң соргучу өз алдынча ар бир бурчту тазалап, үйдү жаркыратып коёт. Паркет, плитка, линолеум, кыска түктүү килем төшөлгөн полдорду эң сонун тазалайт жана 1 см чейин бийиктиктеги босоголордон өтүүгө жөндөмдүү.
АЙЛАНМА ТУРБОЩЁТКА ЖАНА НЫМДУУ ТАЗАЛОО
Тездик менен айланган турбощётканын жана соруп алуу жөндөмдүүлүгүнүн кубаттуулугунун натыйжасында полдогу жана килемдин бетиндеги нандын күкүмдөрү, майда калдыктар жана үй жаныбарларынын түктөрү бир заматта жок болот. Полдун чаңын сүртүү үчүн, чаң соргучка суу куюлган контейнерди, жумшак түктүү ролик щётканы орнотуп, түбүнө нымдуу тазалоого арналган чүпөрөктү кадап коюңуз.
ЖАКШЫРТЫЛГАН НАВИГАЦИЯ ЖАНА ТАЗАЛООНУ КӨЗӨМӨЛДӨӨ
Ичине орнотулган SmartBot Brush гироскопу натыйжалуу маршрутту өз алдынча белгилейт. Биринчи жолу периметр боюнча жана зигзаг багытында бир жүрүп чыккан соң, картаны эсинде тутуп калып, тоскоолдуктардан ийгиликтүү өтүү менен, аны дагы бир жолу кайталайт. Тиркемеде тазаланган жерлердин картасы пайда болот. Көбүрөөк булганган жерлерде чекиттүү тазалоо режимин күйгүзүп койсо болот. Ылдый кулап түшүү датчиктери чаң соргучту тепкичтин кырында түшүрбөй кармап турат, ал эми кагылышуу датчиктери менен жумшак бампери дубалдарга жана эмеректериңизге зыян келтирбейт. Үйдү тазалап бүткөн соң, чаң соргуч автоматтык түрдө заряддоо базасына кайтып келет.
АРАЛЫКТАН БАШКАРУУ
ELARI SmartHome тиркемесинен тазалоо ишинин жүгүртмөсүн дайындап койсоңуз, жумуштан келгениңизде үйүңүз дайыма таза болуп турат. Робот-чаң соргуч добуштук жардамчылар аркылуу иштейт, бул болсо аралыктан же смартфонсуз башкарууга мүмкүн дегенди түшүндүрөт.